7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл-Кыяда уурулукка шектелип эки жигит кармалды

919

Кызыл-Кыяда уурулукка шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ноябрда белгисиз адамдар Кызыл-Кыяда жайгашкан 67 жаштагы Х.М. аттуу жарандын үйүнүн эшигин бузуп киришкен. Анын 50 миң сомун, өзбек валютасындагы 500 миң сум акчасын, ичинде 40 миң сом болгон пенсиондук банктык картасын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкен.

Кызыл-Кыя ШИИБне каттоого алынып, Жазык кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 19 жаштагы А.С. жана мурда сот жообуна тартылган 20 жаштагы М.М. аттуу тургундары кармалышкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

920