7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлек районунун акими шайлоого аралашканы үчүн иштен алынды

739

Өткөн жуманын аягында Президент Садыр Жапаров шайлоого аралашкан аким иштен алынаарын маалымат жыйында билдирген.  Анын негизинде  Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматынан четтетилди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык Исфана шаарынын мэрине да катуу сөгүш берилген.

«Добуш сатып алгандар да, саткандар да катуу жазаланат деген президенттин принциби бар, биз аны аткарабыз. Бүгүн Лейлек районунун акими шайлоо бүткөнгө чейин жумуштан четтетилди. Исфананын мэрине катуу сөгүш жарыяланды. Мындан ары кайсы бир аким же министр кайсы бир партияга же талапкерге үндөй турган болсо, ишеничтен кетти деген негизде экинчи жумушка алынбай турган берене менен кетиребиз. Ал эми депутаттар боюнча мен комментарий бере албайм. Алар да биздин пикирге кошулат деп эсептейм», — деди Акылбек Жапаров.

Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими болуп, быйыл 5-майда дайындалган. Ал 43 жашта. Ал 2017-жылдын 5-октябрынан бери «Кыргызтелеком» ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген. Ошондой эле 2015-2016-жылдары Исфана шаардык кеңешинин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы кызматын аркалаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740