7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте 3 тонна жер семирткич ташып бара жаткан унаа кармалды

509

Жалпы салмагы 3 тоннага жакын 60 кап “Карбамид” минералдык жер семирткичин контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

7-апрелде УКМКнын чек ара кызматкерлери менен биргеликте КР 1995-жылы туулган К.М.Э. аттуу жаранынын башкаруусунда “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын аймагынан кармалган.

Текшерүү учурунда унаадан эч кандай коштоочу документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннага жакын “Карбамид” минералдык жер семирткич табылган. Бул унаа минералдык жер семирткич түрүндөгү жүктү коңшу мамлекеттерге жиберүү үчүн Лейлек районуна бара жаткан.

Бул факты боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

510