7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте аткезчилик менен дары ташыган Тажикстандын жараны кармалды

693

Лейлекте аткезчилик жолу менен дары-дармек ташыган коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажикстандын 51 жаштагы жараны менен Лейлек районунун 37 жаштагы тургуну өз ара акча табуу максатында алдын ала сүйлөшүп алышып, эч кандай документи жок мыйзамсыз дары-дармектерди Тажикстандан Кыргызстанга киргизишкен.

Тажикстандын жараны Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Э.М. аттуунун автоунаасына түн ичинде жүктөп жаткан жеринен кармалган. Ага карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорудагы фактылар боюнча топтолгон материал караштуулугу боюнча УКМКга жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

694