7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

398

Лейлекте мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун аймагында жүргүзүлгөн “Экстремист” операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон.

Натыйжада 1973-жылы туулган Х.Б.аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

399