7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
9°C

Сүлүктүдө 53 жаштагы жаран өзүнүн үйүндө баңгизат өстүрүп жүргөн

225

Сүлүктү шаарынын жашоочусу өзүнүн үйүндө баңгизат өстүрүп, сактап жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 2023-жылдын январь айында үйүндө баңгизат өстүрүп, пайдаланып жана сактап жүргөн жаран боюнча маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

 

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталып, ал Сүлүктү шаарынын жашоочусу 1970-жылы туулган С.Ф. болуп чыккан. Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада мончосунун жанында жайгашкан турак жайга керектелүүчү жайынын полкаларынын алдынан, үч даана желим идиште жана ак салафан баштыкта чачылган отундар арасынан 1 даана желим идиште, үйүнүн бөлмөсүнөн 1 литрлик, 3 литрлик банкаларда салынган өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү кургатылган зат далил катары табылып алынган.

 Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн заттын таза салмагы 216.85 грамм болгон “кургатылган марихуана” баңгизаты экендиги аныкталган. Шектүү катары кармалган жаран Лейлек РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сүлүктү шаарынын тергөө судьясынын чечими менен шектүүгө эки айга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

226