7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте дарыгерлер майыптыгы бар жарандардан акча алууга шектелүүдө

372

Лейлекте Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү майыптыгы бар жарандардын майыптык тобун аныктап берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу менен алектенген.

Баткен районунун тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондор аралык МСЭКтин төрагасы эксперт жана врач эксперт тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан 3 миң сомдон 5 миң сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын системалуу түрдө алгандыгын тастыктаган материалдар алынды.

Жогоруда аталган жарандар камакка алынып, тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

373