7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте санитардык нормаларды сактабаган стоматологиянын мыйзамсыз иши токтотулду

877

Лейлек районунун Раззаков шаарында жасалма лицензиянын негизинде мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбордун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Медициналык борбор колдонгон лицензия Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиялардын жана уруксаттардын мамлекеттик реестринде жок экендиги аныкталды. Аталган борбордун ээси Раззаков шаарынын тургуну, жана андан башка медициналык кызматты дагы эки кызматкер көрсөткөн. Ошол эле учурда борбордун кызматкерлерин салык органдарына каттоо жасалма лицензиянын негизинде жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда көрсөтүлгөн жасалма лицензия жана башка документтер табылып алынган жана медициналык пункттун ишмердүүлүгүндө санитардык нормаларды бузуу фактылары аныкталган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен тиешеси бар адамдарга чара көрүлөт. Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

878