7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте жол тоскон элге облус жетекчиси Алимбаев барып жолукту

587

Ош-Баткен-Исфана жолун тосуп турган элге  Президентин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев барып жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлайт.

Жолугушууга Лейлек районун акими жана тиешелүү күч органдары кошо барган. Түшүндүрүү иш аракеттери жүрүп жатканы айтылат. Жолду тоскондор убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандарды бошотууну талап кылып чыгышкан.

Расмий маалыматка ылайык, окуя 3-август күнү саат 15:40 чамасында башталган. Лейлек районунун Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылында 25-30га жакын жергиликтүү тургундар Алмалуу тоосундагы “Апрельское АZI” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришип, аталган ишкананын техникаларын таштап келе жаткан оор жүк ташуучу автоунаасын жолдон тосуп алышып, чыгарылган техникаларды кайра алып кетүүсүн талап кылышкан.

Чогулган элдер менен Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары О.Кочкоров, Лейлек РИИБнүн начальниги  Б.Кундузов жана Катраң айыл аймагынын башчысы Э.Салибаевдер түшүндүрүү иштерин алып барышкан.

Бирок ошого карабй саат 23:00 чамасында алтын кен иштетүүчү ишкананын кызматкерлери алып келген техникаларын кайра кайтаруу үчүн барганда, түнкү саат 03:00 чамасында  40-50гө жакын жергиликтүү тургундар артынан барып, ишкананын кызматкерлерин ур-токмокко алышкан. Натыйжада 4 жаран денелеринен жараат алышып, Лейлек райондук ооруканасына кайрылышкан. Ошондой эле ишканага таандык автоунаасынын алдыңкы, арткы жана оң каптал айнектерин таш менен уруп, жараксыз абалга келтиришкен»- дейт расмий маалыматта.

Аталган жагдай боюнча 2021-жылдын 4-август күнү Лейлек РИИБнүн КЖБРне катталып КРнын ЖКнин 265-берене (Жолдорду мыйзамсыз тосуу), 266-берене (Ээн баштык) жана 355-беренелеринин негизинде (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

588