7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлектин алыскы Көк-Таш айылында милициянын аймактык пункту ачылды

307

Лейлек районунун алыскы Көк-Таш айылында №17 административдик аймагында милициянын аймактык пункту пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдирди.

Ачылыш аземине Баткен облустук милициясынын башчысы Улан Жукенов, Лейлек районунун акими Канымет Осмонбеков жана айыл тургундарынын катышты.

Имарат президенттин тапшырмасы жана Ички иштер министринин колдоосу менен район борборунан алыс жашаган жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү жана коомдун коопсуздугун камсыздоо максатында, ошондой эле милиция менен элдин ортосундагы байланышты чыңдоо максатында курулду.

Жаңыдан курулган милициянын участкалык пунктунда иш бөлмөлөр, кызматкердин үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарты менен курулган. Ошондой эле кызматкер үчүн керектүү кеңсе жабдыктары менен жабдылган.

Көк-Таш айылы район борборунан 45 чакырым алыстыктагы тоолуу аймакта жайгашкан. Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү бул аймактагы 4 865 жарандын коопсуздугун тейлейт.

308