Кечээ, 7-июль күнү Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусуна барган альпинисттердин бирөөсүнүн жүрөк оорусу кармап каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
«7-июль күнү болжол менен саат 7:15 чамасында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ленин чокусунун 5100 метр бийиктигинде Польшанын 1971-жылы туулган тургуну Б.П.нын жүрөк оорусу кармап каза болгон. Учурда анын денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган»-деп билдирет.
Маалыматка ылайык 2-июль күнү базалык лагерге жалпы 14 адам келген. Алардын ичинен 12 адам Россиянын жарандары. Алар менен чогуу Польшанын 2 жараны келген.
Базалык лагерде 2 күн турушуп, 4-июль күнү 4400 метр бийикке чыгып, ал жерде 1 күн болушкан. 6-июль күнү 4800 метр бийикке, 7-июль күнү 5100 метр бийикке чыгып, кайра кайткан учурда П. Б саптын алдында бара жатканда эс-учун жоготуп жыгылган. Ага жасалма дем алдыруу кылышкан.