Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев, 8-июль, ушул учурда акыркы учурдагы актуалдуу маселелер боюнча маалымат жыйында жооп берип жатат. Журналисттер бир ай алдын жоголгон «Сапат» окуу борборунун жетекчиси Орхан Инандынын уурдалышы боюнча суроо берип, төмөндөгүдөй жооп алды.
«Орхан Инандыны кыргыз менен, Кыргызстандын жараны менен салыштырбагыла! Ал башка өлкөдөгү иши үчүн жооп берип жатат» .
Ташиев ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Инанды 3 күнгө дайынсыз болгонун, УКМКнын кызматкерлери таап, жакындарына жана өзүнө, аны уурдоого кызыктар күчтөр бар экендигин эскерткендигин айтты. Ал гана эмес, башка өлкөгө чыгып кетүүнү да сунуштаганын жашырбайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram