7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ленин райондук сотунун судьясы 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

676

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2000 АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы учурунда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. кармалды. Ошондой эле, ортомчулар катары иш алып барышкан судьянын консультанты жана судьянын жакын досу да кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, судья банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылары аныкталды. Айыпталган адамдардан которулган акча каражаттарынын алып туруучу болуп судьянын тууганы жана анын эжеси катышкандыгы такталды.

Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камака алынды.

УКМК тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде, Башкы прокурор аталган судьяга карата Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелеринде (Опузалап пара талап кылуу жана алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677