7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ленин районунун башкы салыкчысы кармалды

427
Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ленин району боюнча салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактылары аныкталган. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен кылмыштуу келишимге кирип, мамлекеттик милдеттүү салык төлөмдөрүнөн качууга мүмкүндүк берүүчү коррупциялык механизмдерин иштеп чыгышкан.
Опузалап пара алуу беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иштердин натыйжасында, Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын башчысы «А.Т.Т.»га акча каражаттарын өткөрүп берүүнүн бир топ фактылары аныкталган.
Мындан тышкары салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн башкы инспекторунун берген көрсөтмөсүнө ылайык «A.» тарабынан мамлекеттик бюджетке салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн азайтып бергендиги үчүн «Т» ЖЧКнын өкүлдөрүнөн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алынган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

428