7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүүгө салым кошкон кызматкерлер сыйланышты

119

Бүгүн, 23-декабрда, жеке мектептерди ачууда лицензиялоо процессинин жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш алып барган мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун кызматкерлери Агартуу министрлигинин Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыктарды агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов тапшырды.

Иш-чаранын алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экономика министрлигинин жана Бишкек шаарындагы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери сыйланышты.

“Мамлекеттик органдардын күч-аракеттерин бириктирүүнүн натыйжасында жеке билим берүү уюмдарын лицензиялоо процесси олуттуу деңгээлде оптималдаштырылды. Аткарылган иштер лицензиялоо мөөнөттөрүн кыскартууга, ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюуга жана жол-жобону арыз ээлери үчүн түшүнүктүү жана ачык кылууга мүмкүнчүлүк берди”, — деп жазылат маалыматта.

Өзгөртүүлөр «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылды. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.

120