7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ливияда селден каза болгондордун саны 20 миңге жетиши мүмкүн

624

Ливияда селден курман болгондордун саны 18-20 миңге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Дерна шаарынын мэри Абдулменам ал Гайти маалымдады.

Калаа башчысы мындай божомолду сел жууп кеткен жерлердин масштабына салыштырып айткан. Ал эми AP агенттиги Ливия өкмөтүнө таянуу менен 5500 адамдын өлүмү тастыкталганын, дагы 9000ге жакын киши дайынсыз экенин билдирген.

7-сентябрда башталган нөшөр, ага кошумча 10-сентябрга караган түнү Жер Ортолук деңизи тараптан каптаган «Дэниел» бороонунан Ливиянын чыгышы өзгөчө жабыркады. Суунун агымы эки дамбаны бузуп кеткен. Табият кырсыгы 125 миң калкы бар Дерна шаарынын төрттөн бир бөлүгүн жарактан чыгарды.

Белгилей кетсек, бул өлкөгө Египет, Алжир, Палестина, Түркия, Кувейт, Катар, Италия жана АКШ материалдык-каржылык жардам көрсөтүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625