7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

Сейрандын образы менен таанылган актриса тууралуу фактылар

170

Афра Сарачоглу — түрк актрисасы жана модели. Ал 1997-жылы 2-декабрда Түркиянын Эдремит шаарында төрөлгөн. 2017-2018-жылдары «Фазилет айым жана анын кыздары» сериалында башкы ролду ойноп, популярдуулукка ээ болгон. Бул макалада жаш, сулуу жана күчтүү түрк актрисасы тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.

1. Анын ата-энеси жаш кезинде ажырашып кетишкен. Афра апасы Лүтфийенин колунда чоңойгон. Апасы кыймылсыз мүлк менен алектенет.
2. Афра бала кезинен бери актриса болууну кыялданчу. Ал өзү үчүн сценарийлерди ойлоп таап, костюмдарды тигип, ролдорду аткарып, аларды апасынын телефонуна тартчу.
3. Эскишехир Анадолу университетинде бакалавриат билимин аяктаган.
4. Актриса 13 жашында Анталияда модель болуп иштөөнү баштаган .
5. Алгачкы жолу карьерасы 2016-жылы “Экинчи мүмкүнчүлүк» киносуна тартылуу менен башталган.
6. Афра Сарачоглунун ойной турган ролуна жараша бир музыканы угуу, анын ролуна жардам берээрин айткан. “Кандайдыр бир эмоционалдуу сахнаны ойношум керек болсо, ага чейин кайгылуу музыка угам. Сахна күлкүлүү болсо, эртең менен ага ылайыктуу музыка угуп турам. Музыка менин жашоомдун дээрлик бардык тармагында бар», дейт актриса.
7. Ал британиялык актёр Эдди Редмэйнди кумир тутат. Ошондой эле, ал актёр кандай болушу керек экендигинин үлгүсү.
8. Афра Сарачоглу жөргөмүш менен жыландан коркот.
9. Азыркы учурда жума күнү кечинде Star TVде көрсөтүлө турган «Yalı Çapkını» (Зимородок) сериалындагы Сейран каарманы аркылуу дагы да популярдуу болууда.
10. Афра Сарачоглу эмоционалдуу, бирок сыртынан андай көрүнбөйт. Себеби, үй-бүлөлүк көйгөйлөр анын эрте чоңоюшуна себеп болгон.
11. Сарачоглу актрисалыктан тышкары бийлегенди жана пианинодо ойногонду жакшы көрөт.
12. Жакында Мерт Языжыоглу менен 4 жылдык мамилесин үзгөн актриса учурда сериалдагы өнөктөшү Мерт Рамазан Демир менен кыз-жигит деген ушактар тараган.
13. Анын бою 168см, салмагы 52 кг.
14. Ал бош убактысында волейбол ойногонду жана бийлегенди жактырат.
15. Актрисалык билимин жогорулатуу үчүн дайыма тренингдерге барып, актрисалык курстарды өтүп турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

171