Өлкө аймагында бир күндө үч ирет жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-март күнү саат 07:43тө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында — 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
31-март күнү саат 12:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Сары-Булак, Тогуз-Булак, Сары-Күңгөй айылдарында жана Алай районунун Кара-Жыгач, Кең-Жылга айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
31-март күнү саат 22:25те Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү жана Бөжөй айылдарында — 3 баллга чейин, Кызыл-Коргон, Советский айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.