7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө аймагында бир суткада 16 өрт кырсыгы катталды

604

Өлкөдө бир сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды . Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 2, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

  • Ош шаарында Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.
  • Ош-Ноокат унаа жолунун 5-чакырымында Mersedes Benz үлгүсүндөгү унаа жана ичиндеги 2 тонна күрүч толугу менен күйгөн.
  • Кара-Суу районундагы Савай айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн аянты 32 чарчы метр ички бөлмөлөрү жана үй буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Демилге айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн аянты 32 чарчы метр болгон 3 бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрт тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.
  • Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен кичи аймагында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 120 чарчы метр сарай, 6 баш бодо мал, 300 түк чөп жана 2 куб метр жыгач толугу менен күйгөн.
  • Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Жол айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн аянты 10 чарчы метр чатыры күйгөн.

Аларды өчүрүүгө 17 бөлүм тартылып, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605