7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө аймагында чоң масштабда «Жөө жүргүнчү» аталышында рейд башталды

370

2024-жыл ичи жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү фактылары менен коштолгон 2613 жол кырсыгы катталап, 2594 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы 254 жөө жүргүнчү көз жумган. Бул көрүнүш аркы 2023-жылга салыштырмалуу бир топ пайызга төмөн болгону менен, бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй бойдон калууда.

Мындай жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан  2025-жылдын 27-январынан тартып, 1-февралына чейин, өлкө аймагында чоң масштабда «Жөө жүргүнчү» аталышындагы рейд башталды.

Рейд учурунда чоң жолду кесип өткөн, чоң жолдорго чуркап чыккан, жол тосмолордон ашып өткөн жөө жүргүнчүлөргө жана жөө өтмөктөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, жоопкерчиликтери каралат.

Эскерте кетсек; Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексинин 190-беренесине ылайык, туура эмес жерлерден өткөн жөө жүргүнчүлөргө 1000 сомдон ал эми жөө өтмөктөрдөн жол бошотуп бербеген айдоочуларга 3000 сомдон айып пул каралган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөө жүргүнчүлөрдү  өздөрүнүн коопсуздугу үчүн  жол чырактардан жана жөө өткөөлдөрдөн гана өтүүнү суранат.

 

371