Кыргызстандын аскер кызматкерлери сентябрь айынын соңунан тарта жогорулаган айлык ала башташат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Асхат Оморов билдирди.
Маалыматка ылайык, офицердик курамдын оклады 50 пайызга, сержанттардыкы 30 пайызга көтөрүлгөн.
“Мисалы буга чейин 7 миң 600 сом айлык алган взвод командирине эми 12 миңден бериле баштайт. Ал эми бригада командирин мурдагы 9 миң сом айлыгы, эми 14 миң сомго көбөйдү”, — деди Оморов.
Белгилей кетсек, сержанттардын айлыгы 2018-жылы дагы 30 пайызга жогорулаган.