Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калды. Бул тууралуу чечимди кабыл алган Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Соттун 24-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектүүлөр Жоомарт Оторбаев, Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбеков тергөө абагында ушул жылдын 30-ноябрына чейин калтырылат»,-деп жазылат билдирүүдө.
Жогорку кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков 1-июнда камакка алынган. Ал дагы «Кумтөр» долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Белгилей кетсек, бул иш боюнча буга чейин бир катар аткаминерлер жана депутаттар кармалган.