Мындан ары өлкөбүздөгү саясий маданиятты жогорулатууга, өркүндөтүүгө багыт алалы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Саясий оюн” дегенди токтотуп, мамлекетибизди алдыга жылдырууга, өнүктүрүүгө ар бирибиз салым кошолу.
Сиздер менен биз баштап берсек, элибиз бизди ээрчийт, саясий маданият акырындап эл арасына сиңет.
Бара-бара эл дагы добуштарын арзыбаган акчага, болбогон чай-пайга сатпай, өзүнүн, балдарынын, Ата Мекенинин келечегин ойлоп, “жети өлчөп, бир кесип” депутаттыкка кимдер татыктуу экенин талдап, тандап, анан шайлай башташат.
Өткөндө чет өлкөлөрдөн келишкен эл аралык байкоочулар менен жолугушканымда келечекте добуш берүүнү онлайн форматта, үйдө олтуруп эле интернет аркылуу добуш беруу жагын ишке ашырууга аракет кылабыз деген сөздү айткан элем. Байкап көрсөм, мындай жакшы ниеттеги аракетибиз өз максатына жетпей, тескерисинче, добуш сатып алууга жем болуп калчудай экен. Себеби, өзүнө ишенбеген, ниети бузук талапкерлердин жана алардын үгүтчүлөрүнүн үймө-үй кыдырып, добуш сатып алышына жеңил шарттар түзүлүп калчудай.



