7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө боюнча 10 миң гектар жайыт аянтына үрөн себилип, иштер 100%га аткарылды

589

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2023-жылга болжолдонгон 10 000 гектар деградация болгон жайыттарды калыбына келтирүү иштери республика боюнча 100%га жүргүзүлүп бүттү.

Техника бара албаган жайыттарга тиешелүү адистер жайыт чөбүнүн үрөнүн кол менен чачып себип, түзүлгөн графикке ылайык мындай иштер күнүнө уланган.
Кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Орусиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынып, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан айыл өкмөт, жайыт комитеттерине таратылып берилген.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 10 000 га жайыт аянтына үрөн себилип, иштер 100%га аткарылды. Облустар боюнча алып караганда:
▶️Нарын облусу — 1603 га,
▶️Ош облусу – 2035 га,
▶️Жалал-Абад облусу — 2674 га,
▶️Ысык-Көл облусу — 1198 га,
▶️Чүй облусу – 649 га,
▶️Талас облусу – 905 га,
▶️Баткен облусу – 936 гектар аянтка жайыт үрөндөрү себилди.

590