7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө боюнча 11 өрт кырсыгы катталып, 4 жаран күйүк алды

1219

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө турак үй толугу менен күйгөн жана өрт жанында жайгашкан үйгө өтүп, анын 70 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 59 жаштагы К.Н., 36 жаштагы К.Н., 56 жаштагы К.А. аттуу эркек кишилер жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Чернышевкий көчөсүндө турак үйдүн 12 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттөн 74 жаштагы З.М. атуу үйдүн ээси түтүнгө уланып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1220