Сургут шаарында газ баллон жарылып, 3 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-декабрда Хан-Мансийск автономдуу округунун Сургут шаарында болгон. Жарылуунун кесепетинен 10 адам жабыркады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын арасында кыргызстандык үч жаран бар. 1979-жылы туулган Э.Ж.И., 1981-жылы туулган К.Б.Х., 1990-жылы туулган Х.Э.К. Жарандардын абалы орто деп бааланууда. Учурда баары Сургут шаарынын күйүк борборуна жаткырылган.
«Аталган унаа оңдоочу жайда унааларга газ жабдыктарын коюу жана тейлеп келген. Газ баллонунун басымы түшүп кеткен. Жарылуудан улам имараттын чатыры кулап түшкөн»,-деп берилет маалыматта.
Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Сургут шаары боюнча тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан унаа оңдоочу жайда газ-аба аралашмасынын пахтасы фактысы боюнча процессуалдык текшерүү уюштурулган.
Бул окуя Россиядагы кыргыз элчилигинин Сургуттагы канцеляриясынын көзөмөлүндө.