Өлкө боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 14,04%ы добуш берди.
Боршайкомдун маалыматына караганда, ушул саатка карата жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо 580 миң 452 шайлоочу жарандык милдетин аткарды.
Анын 201 585и (12,44%ы) шаардык кеңешке, 378 867 жаран айылдык кеңешке добуш берди. Ал эми аралыктан 3541 шайлоочу шайлоого катышты.
Бүгүн Кыргызстанда шайлоо тилкелери саат 20:00гө чейин ачык болот.