Эл аралык байкоочулар Кыргызстанда өтүп жаткан жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого көз салууда.
Алар шайлоо учурунда өлкө аймагындагы бир катар шайлоо тилкелеринде болуп, добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып, добуштарды саноого байкоо жүргүзүүгө катышат жана Коомдук байкоочу борбордун ишмердүүлүгүнө көз салышат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, буга чейин 54 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн.
10 өлкөнүн – Азербайжан, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Молдова, Монголия, Россия, Түркия, Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиялары байкоочуларын жиберүү каалоосун билдирген.