Бишкекке футбол боюнча Ирандын улуттук курамасы келди. Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышты.
Иран курамасы Бишкекке 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан — Иран беттешине катышуу үчүн келди.
Белгилей кетсек, оюн 19-ноябрда саат 20:00дө борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Билеттер стадиондун кассаларында жана kassir.kg сайтында сатылууда.