7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кудайберген Базарбаев эл аралык байкоочулар менен жолукту

159

Бүгүн Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайбеген Базарбаев жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна мониторинг жүргүзгөн Индиялык эл аралык байкоочулар Бидхан Чандра Патра жана Уса Джен Мог менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев президент Садыр Жапаровдун “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгынын негизинде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге эң масштабдуу шайлоо өтүп жатканын белгилеп, шайлоону эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Президент Садыр Жапаровдун “Административдик-аймактык реформа” боюнча жарлыгынын негизинде жалпысынан 264 жергиликтүү кеңеш түзүлүп, алардын 33 шаардык, 231 айылдык кеңештер түзгүлөн. АТРден кийинки мандаттардын жалпы саны 6384 мандатты түзөт. Бул депутаттардын жалпы саны 2678ге кыскарып жатат дегенди билдирет. Ошол себептүү бүгүнкү шайлоо маанилүү жана эң чоң саясий реформа. Буга байланыштуу биздин кызматкерлер таза, айкын шайлоо өткөрүү үчүн ар бир айыл, район, шаарда тынымсыз иш алып барып жатышат. Буга чейинки бийлик башчыларындай “шайлоого кийлигишүү, административдик ресурс” деген түшүнүк жок. Аны өзүңүздөр деле байкасаңыздар керек. Мамлекет демократиялык шайлоолордун принциптерин карманып, жарандардын өз көз карашын эркин билдирүүсүн камсыздай берет” – деп билдирди Базарбаев

Индиялык эл аралык байкоочулар Бидхан Чандра Патр жана Уса Джен Мог да өлкөдө өтүп жаткан жергиликтүү кеңештердин шайлоосу эл аралык стандарттарга жооп шайкеш өткөрүү зарылчылыгын билдиришти. Соңунда эл аралык байкоочулар жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүдө ийгилик каалашты.

Эскерте кетсек Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте шайлоо штабы түзүлүп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо өткөрүү боюнча иштерди алып барууда.

 

160