Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстанда анын ичинде Талас облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Өлкө боюнча шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылды.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев таң эрте жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн №9601 аралыктан добуш берүү участогуна барып, атуулдук милдетин аткарды. Өз кезинде шайлоонун маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды шайлоо өнөктүгүнө жигердүү катышууга чакырды. Андан соң Талас облустук ички иштер башкармалыгында болуп, андагы санарип кырдаал борборунун иш алып баруусу, жалпы облус аймагындагы шайлоо тилкелеринде абалдын туруктуулугу менен таанышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев шайлоо тилкелеринде кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен онлайн форматта сүйлөшүп, кырдаал боюнча маалымат алды. Шайлоого байланыштуу кызмат өтөп жаткан кызматкерлерди коомдук тартипти көзөмөлдөөдө жарандар менен сылык мамиледе болууга, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга чакырды.
Белгилей кетсек, жалпы облус боюнча 178 203 шайлоочу жана 117 шайлоо участогу бар. Анын ичинен Талас шаарында 27 011 шайлоочу 10 шайлоо участогу жана 1 аралыктан добуш берүү участогу, Талас районунда 47 035 шайлоочу 35 шайлоо участогу, Бакай-Ата районунда 36 753 шайлоочу 24 шайлоо участогу, Айтматов районунда 45 813 шайлоочу 28 шайлоо участогу, Манас районунда 21 591 шайлоочу жана 20 шайлоо участогу бар. Азыркы тапта бардык шайлоо участокторунда абал туруктуу.