Мыйзам долбоору спорт жаатында иш алып барган юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоону жөнгө салууга багытталган. Жыйында айтылгандай, Кыргызстанда 300дөн ашуун спорттук федерация иш алып барат. Алардын 77си гана бирдиктүү реестрде катталган.
Талкуу маалында депутат депутат Умбеталы Кыдыралиев олимпиада оюндарына карата кыргызстандык спортчулардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулушу шарт экенин билдирди.
Эскерте кетсек, быйылкы олимпиада оюндарына 6 лицензия алынган.
Талкуу соңунда мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.