7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 1 миллион 500 миң даана бир жылдык гүл отургузулат

387

Бишкек шаардык мэриясында биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жыйында «Бишкек жашыл чарба», «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларынын 2021-жылга карата иш планы каралган.

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Дербишевдин айтымында, бул жылы 9 миң 264 жазы жалбырактуу дарак, 2 миң 622 ийне жалбырактуу дарактар жана 3 миң 600 бадал отургузуу пландалды. Ошондой эле иш планда 3 миң 930 даана роза отургузуу каралды. Бул жылы бир жылдык себилген 400 миң даана гүл өнүп калды.

Жакынкы күндөрү шаардагы күзүндө отургузулган жоогазындар гүлдөйт. Андан соң 1 миллион 500 миң даана бир жылдык гүл отургузулат. 2021-жылы 15 гектар аянтта газон курулат.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Чолпонбаевдин айтымында, 16,5 чакырым узундуктагы 27 кыска көчөнү оңдоп-түзөө пландалууда. Мындан тышкары 2020-жылы башталган 9 көчөнү ондоо иштери аягына чыгат.

 

388