7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

354

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын ишкерлер коомчулугу менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларына кайрылып, Кыргызстан менен Казакстан салттуу соода-экономикалык тыгыз байланыштарды сактап келе жаткандыгын белгиледи.

Президенттин айтымында, Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан кризиске карабастан, 2020-жылы Казакстандын түз инвестицияларынын көлөмү 9% га көбөйгөн.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, мамлекеттер эки тараптуу деңгээлдеги коңшу жана стратегиялык өнөктөш гана эмес, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында да өнөктөш. Бул казак ишкерлерине Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Ошол эле учурда ал эки өлкөнүн соода-экономикалык потенциалы толук пайдаланылбай жаткандыгын айтып, товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулата турган өбөлгөлөргө токтолду.

“Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жаңы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана ЕАЭБди байланыштыруу алкагында “Бир алкак – бир жол” демилгеси менен чек ара түйүндөрүн толук кандуу пайдалануу зарылдыгы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин  белгиледи. Биз муну толугу менен колдойбуз жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн катышуусунда биргелешкен дүң-логистикалык комплекстерди түзүү аркылуу Кыргызстан-Казакстан ортосундагы соода-транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даяр экенибизди билдиребиз”, — деп айтты Садыр Жапаров.

Кыргызстан инвестициялык жана соода саясатын өркүндөтүүнүн үстүндө активдүү иштеп жатканын, бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүп, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылуу менен бирге, рынокко жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана товарларды сатууну кеңейтүү боюнча жигердүү иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы алгачкы Жарлыктардын бири ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүн коргоону күчөтүп,  ишкердик субъектилердин экономикалык ишмердүүлүгүнө мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгарууга багытталганы тууралуу айтып берди.

«Биз инвестициялык объектилердин ишмердигин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, тоскоолдуктарды жоюу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык маселелер боюнча улуттук мыйзамдарында белгиленген талаптарды жөнөкөйлөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурабыз», — деп белгиледи Президент.

Мындан сырткары, ал бажы жана салык тармактарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган жаңылыктарга токтолду.

Ошондой эле Мамлекет башчысы Кыргызстанда айыл чарба жаатында санарип технологиялар киргизилип, ал электрондук соода элементтерин ичине камтып, айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү жана коопсуздукту камсыз кыла баштагандыгын кошумчалады.

«Айыл чарбасында агробизнестин жер, суу жана жайыт ресурстарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана  айыл чарба багытындагы жерлерди өндүрүштүк максатта трансформациялоо боюнча “бирдиктүү терезе” принциби ийгиликтүү киргизилип жатат», — деди Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров казак ишкерлерин Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышууга чакырды.

Иш-чарага Казакстандагы ондогон ири компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.

Потенциалдуу казак инвесторлорунун суроолоруна Президент Садыр Жапаров, өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери жооп беришти.

355