7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда эл аралык жаңы авиакаттамдар ачылышы мүмкүн

411

«Манас эл аралык аэропорту» ААК аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев эл аралык Qatar Airways авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда эл аралык жаңы авиакаттамдар боюнча тыгыз кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Иш-чарага Qatar Airways авиакомпаниясынын аэропорттор тармагын тейлөө боюнча менеджери Нирадж Мутусвами жана аэропортторду тейлөө боюнча аймактык менеджери Иссам Ханафер катышты.

«Дүйнөдөгү эң ири эл аралык авиакомпаниялардын бири «Qatar Airways» биздин эл аралык «Манас» аэропорту менен кызматташууга кызыкдар экени бизди абдан кызыктырат жана кубандырат. Биз аталган авиакомпаниянын тездик менен өсүп жатканын билебиз жана дүйнөдөгү эң жаш авиакомапниялардын бири экенин, эң тез өнүгүп жаткан компаниялардын бири экени тууралуу кабардарбыз. Ошондуктан биздин «МЭА» ААК бардык тармактарда, анын ичинде жүк ташуу боюнча кызматташуу боюнча иштешүүгө кызыктарбыз», — деп билдирди Мирлан Кубаталиев.

Ошондой эле эки тараптуу жолугушууда Кыргызстандагы аймактык аэропортторунун долбоорлору жана аларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, Qatar Airways авиакомпаниясынын – башкы кеңсеси өлкөнүн борбору Доха шаарында жайгашкан Катар мамлекетинин улуттук авиакомпаниясы.

Авиакомпания 150дөн ашык каттамдар боюнча (анын ичинде анын туунду авиакомпаниясынын (Qatar Airways Cargo) багыттары) учууларды аткарат, анын ичинен 100дөн ашыгы эл аралык багыттар:

  • Европага 38 каттам;
  • Жакынкы Чыгышка жана Африкага 51 каттам;
  • Түштүк Азияга, Индияга жана Индия океанына 24 каттам;
  • Азия-Тынч океан жана Австралияга 28 каттам;
  • Түндүк Америкага 11 каттам;
  • Түштүк Америкага 2 каттам.
412