Кыргызстандык режиссер, сценарист Самара Сагынбаева тарткан “Селкинчек” кыска метраждуу ойномо тасма 11-философиялык Кинофестивалда “Стефан Сидовски-Сидо” атындагы атайын сыйлыкты жеңип алды.
Тасманын режиссеру Самара Сагынбаева Чехиянын “ФАМУ” аттуу киноакадемиясына тапшыруу үчүн бул фильмди тартканын билдирди.
“Селкинчек” кыска метраждуу ойномо тасмасы буга чейин эл аралык ондогон фестивалдарда көрсөтүлүп, байгелүү орундарды жеңип келген.
Фильм айылдык мектептин от жагары Болот тууралуу. Жокчулуктан жана аялынын басымынан улам башкалар сыяктуу эле мектептин көмүрүн уурдайт. Болот ушинтип небересине кам көргөнү менен чынында анын келечегине балта чапканын кеч аңдайт. Бул кылмышы үчүн небереси бирден бир жакшы көргөн, селкинчеги илинген жалгыз дарак курмандыкка чабылат.
Бул фильм бүтүндөй өлкөдөгү коррупциянын чакан айылдын мисалында көрсөтүлүшү. Көмүрдү өзү баш болуп уурдаган мектеп директору бийликтеги чоң чиновниктер. Алардын көрүп, турмуш зарылчылыгынан жемкорлукка баргандар орто же майда кызматтагылар. Запкысын көргөндөр кыштын кыраан чилдесинде үшүгөн окуучулар – карапайым эл. Уурулуктун дагы бир курмандыгы наристенин селкинчеги илинген бак – келечек жана үмүт-тилектер
“Стефан Сидовски-Сидо”— сыйлыгы македониялык профессор, режиссер, философия окутуучу Стефан Сидовскинин атынан берилген.
Ал Сидо деген ат менен таанымал болуп, бир кыйла популярдуу, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ боло алган «Контейнер» (2008), «Безумный революционер» (2015), «Raison d’etre» (2006), «Встреча» (2014), «Великий оратор» (2007), «C’est la Vie» (2016) аттуу тасмаларды жараткан.
Маалыматтын булагы: Али Токтакунов медиахабы