7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда кыргыз-өзбек ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтөт

512

Бүгүн Өзбекстандын Наманган облусунун акими Шавкатжан Абдыразаков баштаган делегация Жалал-Абад облусуна келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, делегация 9-10-июнь күндөрү Жалал-Абад облусунда болот. Иш сапардын алгачкы күнүндө тараптардын чакан жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулары орун алат. 10-июнда Жалал-Абад жана Наманган облустарынын 100гө жакын ишкерлеринин катышуусундагы бизнес-форум өтөт.

Өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундардын коштоосунда делегацияны “Маданият” бекетинен салтанаттуу тосуп алды.

“Кыргыз-өзбек алакаларын жакшыртуу, карым-катнашты бекемдөө аракеттери ушул жылдын март айындагы өлкө президенттеринин жолугушуусунда макулдашылган. Ага ылайык, облус башчылары да кызматташуу боюнча 22 пункттан турган Жол картасына кол коюшкан. Анда соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык, маданият жана туризм тармактары камтылган”, — деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусунан атайын делегация Наманганга барган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

513