7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков кармалды

627

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков кайрадан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз темир жолу» ишканасына карата козголгон кылмыш ишинин алкагында Дашков 2020-жылдын май айынан декабрга чейин баалуу товардык-материалдарды ташып келүүнүн төлөмү деген негиз менен жеке компанияга мыйзамсыз түрдө 1,1 миллиард сом которгону аныкталган.

«18-майда Биринчи май райондук соту келтирилген чыгымды кайтаруу шарты менен Василий Дашковду үй камагына чыгарган. Бирок ушул күнгө чейин ал зыяндын ордун толтурган жок», — деп билдирди УКМК.

Мындан сырткары, Дашковдун аталган мамлекеттик ишканадан 2021-жылдын январынан апрель айына чейин 490 миллион сом бюджеттик каражатты чыгарып кеткени боюнча дагы бир факты табылган. Муну менен мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 1,5 миллиард сомдон ашканы белгиленет.

Буга байланыштуу 8-июнда, Дашков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Василий Дашков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына 2020-жылдын 11-апрелинде жетекчи болуп дайындалып, быйыл 31-мартта кызматтан алынган. Ага чейин ушул эле мекеменин жетекчисинин инвестиция тартуу жана курулуш маселелери боюнча орун басары болуп иштеген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

628