7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө кой этинин орточо баасы 792 сомго жетти

203

Кыргызстанда сөөктүү уй этинин орточо баасы 756.9 сомду түздү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөктүү уй этинин эң жогорку баасы Нарын шаарында катталып, орточо 795 сомду түздү. Андан кийин Жалал-Абадда — 775 сом, Бишкекте -760 сом, Таласта-755 сом, Каракол жана Баткенде- 750 сомдон, Токмокто — 740 сом болду. Эң төмөнкү баа Ош шаарында катталып, 730 сомду түздү.

Ал эми өлкө боюнча кой этинин орточо баасы 792 сом болду.

Кой этинин баасы боюнча Бишкек шаарында эң жогорку көрсөткүч катталып, орточо 875 сомду түздү. Андан кийин Талас жана Баткен шаарларында -800 сомдон, Нарында -795 сом, Караколдо -790 сом, Жалал-Абадда — 785 сом, Токмокто -755 сом болду. Эң төмөнкү баа Ош шаарында болуп, 740 сомду түздү.

204