7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны 2 миңге жетти

476

Өлкөдө жыл башынан бери кызамыкка кабылган балдардын саны 2 миңге жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Гүлзат Дикамбаева «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Бейтаптардын басымдуу бөлүгү Ош менен Бишкек шаарларында катталган.

«Көбү эмдөөдөн баш тарткан 1-5 жаштагы балдар. Кызамык менен ооруган балдардын 50 пайызы эмдөөдөн баш тарткан бишкектиктер, ал эми 30 пайызы 1 жашка чейинки эмдөөгө жашы жетпеген балдар», — дейт Дикамбаева.

Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкты дарылоонун атайын жолу жоктугун, аны эмдөө менен гана алдын алууга мүмкүн экенин айтып келет.

Учурда Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 50дөн ашуун адам кызамыктан дарыланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

477