7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө медицина кызматкерлеринин 77,6 пайызы эмдөөдөн өттү

729

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринин 77,6%ы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунда 3 миң 95 штаттык бирдик бар. Анын ичинен 117си бош (вакант). Азыркы учурда 2 миң 978 кызматкердин ичинен 77,6% эмдөөдөн өттү.

“Ошол эле учурда эпидкырдаалга байланыштуу, коронавирустук инфекция менен ооруган же жаңы сакайган жана ошол себептен эмдөөдөн өтпөй калган кызматкерлер бар экенин белгилейбиз. Кызматкерлердин ичинен 21и кош бойлуу жана 25 кызматкерге эмдөөгө каршы көрсөтмө менен вакцина алууга болбойт. Ошондой эле медициналык кызматкерлер арасында эмдөөдөн өткөндөр: 1 доза – 41 миң 300 (57,5%); 2 доза – 31 миң 622 адам (44%) алды”, — дейт министр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

730