7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө өрт өчүрүү кызматтарына жаңы имараттар курулат

964

Өлкөдө өрт өчүрүү кызматтарына жаңы имараттар курулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында жана Сузак районунда жаңы имараттар курулат. Негизги максаты өрт өчүрүү кызматтарын күчтөндүрүү менен калктын коопсуздук деңгээлин жакшыртуу.

Белгилей кетсек, долбоор Эл аралык кызматташтык боюнча Корей агенттигинин (KOICA) жана БУУнун өнүгүү программасы менен биргеликте ишке ашканы турат.

Эскерте кетсек, эртең алгачкы капсула Бишкек шаарында салынып, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ӨКМнын орун басары Акылбек Мазарипов, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, Түштүк Кореянын элчиси Ли Вон Жэ жана KOICA мекемесинин директору Ли Жонг Су катышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

965