7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө сугат суунун абалы оор, Марипов Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директоруна сөгүш берди

832

Өлкөдө сугат сууга тийиштүү абал оор. Мындан улам, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кечээ, Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеевге сөгүш жарыялады.

Марипов, Кемин районундагы сугат сууга байланыштуу абал менен жеринде таанышкан.

«Фермерлер сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу кооптонуусун билдирүүдө. Мен аларды түшүнүп турам. Сугат суунун таңкыстыгы түшүмдүн жыйым-теримине кедергисин тийгизет. Мындан чыгуунун жолдорун табуу керек. Суунун аздыгына шылтоолоп отура бербеш керек. Биз жакшы түшүм алуу үчүн дыйкандарды суунун тийиштүү көлөмү менен камсыздообуз керек. Бул азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселе», — деди Улукбек Марипов.

Сугат тармагындагы негизги көйгөй – өткөрүү жөндөмдүүлүгү бүгүнкү талаптарга туура келбеген эски советтик сугат каналдары. Мындан тышкары, суунун жетишсиздиги каналдардын айрым борпоң топурактуу тилкелериндеги жогорку фильтрациядан улам келип чыгууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы долбоордук сунуштарды ыкчам иштеп чыгуу максатында ирригациялык тармактарды өркүндөтүү боюнча кыска мөөнөттө сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

833