Күн мурун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өлкөнүн аймагындагы маданият мекемелерине 39 кичиавтобус тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Атап айтканда, жаңы унаалар театрларга, филармонияларга, музыкалык мекемелерге жана музейлерге берилген.
Алардын арасынан кичиавтобустардын бири Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырылган. Жогорку окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов акыркы жылдары университетке жакшы көңүл бөлүнүп жатканын белгилеп, кубанычы менен бөлүштү.
“Учурда университеттин жалпы эмгек жамааты абдан кубанып турабыз. Себеби, биздин окуу жайга биринчи жолу мамлекет тарабынан атайын унаа берилип жатат. Өткөн жылы дагы музыкалык аспаптарды, кино факультетине тасма тартууга керектүү болгон камера, фотоаппарат жана жарык берүүчү атайын техникаларды алганбыз. Быйыл болсо минтип унаалуу болуп жатабыз. Негизи бизде мындай микроавтобуска муктаждык бар болуп, бирок өзүбүздүн каражатка алганга шартыбыз жок эле. Кечээ күнү маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин колунан ачкычты алып, бизге ушундай деңгээлде көңүл бурулуп жатканына абдан сүйүнүп, толкунданып турган убагыбыз. Бул колдоо үчүн министрликке, министрлер кабинетининин төрагасына, президентке Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттеринин жана жалпы эмгек жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз”,-деди ректор.
Белгилей кетсек, июль айында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 72 унаа (51 орундуу – 5 чоң автобус, 37 орундуу – 10 автобус, 15 орундуу – 57 кичи автобус) тапшырган.