7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токаев Тышкы иштер министрин кызматтан алып, жардамчы кылып дайындады

335

Казакстандын вице-премьер-министри жана Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка өлкө президенти кол койду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Мурат Нуртлени кайра эл аралык инвестиция жана соода кызматташтык боюнча жардамчысы кылып дайындады.

Мурат Нуртлеу 2023-жылдын апрелинен бери вице-премьер-министр жана тышкы иштер министри болуп иштеген.

Сентябрдын башында Orda.kz сайты ал ШКУнун Кытайдагы саммитинен кайтып келгенден кийин кармалганын жазган. Бирок министрлик бул маалыматты четке кагып, министр өз ордунда экенин тастыктаган.

Ал эми мурдагы вице-премьер-министр Ермек Кошербаев Казакстандын тышкы иштер министри болуп дайындалды.

336