7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөнүн башкы балатысы салттуу түрдө 15-декабрда Ала-Тоо аянтында жанат

108

Өлкөнүн башкы балатысы салттуу түрдө 15-декабрда Ала-Тоо аянтында жанат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Балатынын негизги конструкциясынын бийиктиги 32 метрди, ал эми жылдызы менен кошо 35 метрди түзөт. Жаңы жылдык кооздукка 2 миң даана көк жана күмүш түстөгү шарлар илинет.

Ошондой эле аянтта өлкөдөгү эң чоң муз аянтчасын ачууга даярдык көрүлүүдө – анын аянты 1500 чарчы метрди түзүп, фонтандардын айланасына куюлат. Шаардын борборунда салттуу «Түндүк жаркырагы» жаңы жылдык жарманкеси да уюштурулат.

Белгилей кетсек, аянтты жасалгалоону каржылоо экинчи жыл катары менен шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлбөй келет: бардык иштерди бизнес-структуралар өз каражаттарына, анын ичинде коммуналдык кызматтардын акысын төлөө менен жүргүзүшөт. Өткөн жылы компаниялар 26 млн сомго жакын каражат жумшашкан, ал эми быйыл муз аянтчасын кеңейтүү жана майрамдык иш-чаралар үчүн жабдууларды жаңыртуу эсебинен инвестициянын суммасы андан да жогору болот.

109