Кыргыз-Россия Славян университетинде Камкорчулар кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка карай, отурумда аткарылган иштердин жыйынтыктары, 2026-жылга карата максаттарды аныктоо жана КРСУнун кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүндөгү ролу талкууланды.
КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы менен Камчыбек Ташиев университеттин мамлекет, студенттер жана өнөктөштөр алдындагы жоопкерчилигин, ошондой эле Камкорчулар кеңешинин ролун баса белгиледи.
Жолугушууда Россиянын президентинин Стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Вадим Титов өз сөзүндө университеттеги учурдагы өзгөрүүлөргө баа берип, анын Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер үчүн маанисине токтолду. Ошондой эле талкууда университеттик спортту өнүктүрүү, жакынкы аралыкта КРСУда “Элдик банк” аудиториясын, ошондой эле студенттер арасында ишкердик жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору катары кызмат кыла турган Wildberries аудиториясын ачууну пландалып жатканы айтылды.
Мындан тышкары, жыйында өлкөнүн түштүгүндө КРСУнун филиалын ачуу маселеси каралды. Сергей Волков бул долбоор Камкорчулар кеңешинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Жолугушуу учурунда бир катар кызматташтык документтерине кол коюлду.



