7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жерүй кенинде жер астындагы тилкеде тоо теги кулап, бир адам каза болду

304

Жерүй кенинин жер астындагы тилкесинде тоо теги кулап түшкөн факты катталды. Бул тууралуу “Альянс Алтын” компаниясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 27-январында +3160 горизонтунда подряддык уюм — «БПК» ЖЧКсынын өндүрүш аймагында бекитүү иштери жүргүзүлүп жаткан учурда тоо тегинин жергиликтүү бөлүгү ажырап түшкөн. Окуя маалында аталган участокто «БПК» ЖЧКсына караштуу төрт кызматкер болгон.

Учурда  мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган өндүрүштүк кырсыкты иликтөө боюнча  комиссия түзүлгөн.

Ал эми Талас облустук милициясынын маалыматына ылайык, 1975-жылы туулган  жаран таш басып каза болгон. Бул факты боюнча“Жер-Үй Альянс Алтын” ЖЧКдан Талас райондук ички иштер бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Ошол эле учурда чогуу иштеп жаткан  жарандар жаракат алып, Талас облустук  ооруканасына кайрылышканы аныкталган. Каза болгон жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда окуя боюнча тиешелүү текшерүү жана иликтөө иштери улантылууда.

 «БПК» ЖЧКсы жер астындагы курулуш иштерин жүргүзгөн башкы подрядчы компания болуп саналат.

305