Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн Азия чемпионатынан Бишкекке кайтып келишти.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары Марат Тагаев жана министрдин орун басары- Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов жылуу маанайда тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Казакстанда өткөн Азия чемпионатында мекенибиздин туусун желбиреткен, элибиздин сыймыктуу кыздары Айсулуу Тыныбекова алтын медаль, Айпери Медет кызы күмүш, ал эми Калмира Билимбекова коло медаль жеңип алып, бүтүндөй кыргыз калкын кубантышты. Балбан кыздарды бүгүн президент Садыр Жапаров да куттуктап, жылуу сөзүн арнады.