Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун тургундарына ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
13-апрель күнү Садыр Жапаров Каракол шаарында Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун жана Каракол шаарынын тургундарына ооз ачар өткөрдү.
Президенттин атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов катышышты.
Жетекчилер сөз сүйлөп, президенттин атынан Ысык-Көл элин ыйык Рамазан айы менен куттукташты.